Дүйнө
Пакистанда темир жол кырсыгы катталып, каза болгондордун саны 30га жетти

Пакистандын түштүгүндө 6-августта болгон темир жол кырсыгында мерт кеткендердин саны отузга жетти, 100дөн ашуун киши жаракат алды.
«Хазар экспресс» компаниясына караштуу поезддин сегиз вагону рельстен чыгып кеткен. Окуя Карачи шаарынан 275 чакырым алыстыктыга жайгашкан Навабшах шаарындагы Сахара станциясынын жанында болгон.
Жабыркагандардын баары жакынкы ооруканаларга жеткирилди. Куткаруучулар вагондордун алдында калган жүргүнчүлөрдү чыгаруу менен алектенип жатышат.
Темир жолдорду тескеген министрликтин башчысы Саад Рафиктин айтымында, алдын ала маалыматтарга караганда поезд орто ылдамдык менен бараткан, кырсыктын себеби иликтенип жатат.



