Коом

УКМК: Баткенде 2 миллион сомго жакын тамеки буюмдары мамлекеттин эсебине конфискацияланды

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы 2 миллион сомго жакын бааланган тамеки буюмдарын мамлекеттин эсебине конфискациялады. Бул тууралуу Атайын кызматтын Басма сөз борборунан билдиришти.

2023-жылдын 21-июлунда Баткен райондук соту тарабынан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренеси (Милдеттүү акциздик салык салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү) боюнча кылмыш жасоодо, кылмыш ишинин жыйынтыгы боюнча күнөөлүү деп табылган Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну Ж.Д.А. 100 миң сом айып салынган, ошондой эле мамлекетке 1 миллион 800 миң сом өлчөмүндөгү тамекилери конфискацияланган.

Маалымат үчүн, 2023-жылдын 9-майында КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ж.Д.А. үйүнө уруксат берилген тинтүү иштеринин учурунда акциздик маркасы жок 17 960 куту тамеки табылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button