Коом

8-августта Бишкектин айрым аймактарында ичүүсү суу өчүрүлөт

2023-жылдын 8-августунда саат 09:00дөн 14:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо жана башка социалдык-тиричилик багытындагы жана өнөр жай объекттерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ичүүчү суу Анкара көчөсүнөн түштүккө карай 7-апрель көчөсүнө чейин, Улан -2 кичирайону Суванбердиев көчөсү, Кара-Дарыя көчөсүнөн Достук көчөсүнө чейин Кара-Дарыя көчөсүнөн батышка Скрябин көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейин Шоокум, Конорчок, Көк-Жар, 7-апрель көчөлөрү боюнча өчүрүлөт.

Сууну өчүрүү оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө, 11-кичи райондогу диаметри 500 мм болгон суутүтүктө болгон иштерге байланыштуу. Ошого байланыштуу Мавлянов көчөсүнөн тартып «Көк-Жар» кичи районундагы №18 чейин үйгө чейин ичүүчү суу токтотулат.

«Бишкексууканал» ӨЭБсы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдарды, калкты алдын ала ичүүчү сууну камдап алууну суранат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button