Окуялар
УКМК: Баткенде баасы 1 миллион сомдон ашык турмуш-тиричилик техникасын мыйзамсыз алып өткөндөр аныкталды — ФОТО

2023-жылдын 3-августунда контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР УКМК кызматкерлери УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте кошуна өлкөнүн аймагына тиричилик техникасын алып өтүү фактысын аныктап, мыйзамсыз аракеттерди токтотушкан.
Арка айылынын Жаңы-Жер айыл аймагынан 1988-ж.т. Б.А. аттуу КР жараны 1 млн 205 миң сомдук турмуш-тиричилик техникасы түрүндөгү жүктү мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы менен кармалган.
Аталган унаа контрабандалык жүк менен Жаңы-Жер мамлекеттик коругунун аймагына жеткизилген жана бул факты документтештирилген.
Тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө, — деп билдирди УКМКнын басма сөз борборунан.



