Коом

Кызылча дартынан эки бөбөк чарчап калды

Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин жыл башынан берки статистикасында айтылат. 

3 жаштагы бөбөк Бишкекте, бир жашар наристе Чүй облусунда көз жумган. Министрлик алардын ата-энелери диний ишениминен улам кызылчага каршы эмдөөдөн баш тартканын билдирди. 

Кыргызстанда жыл башынан бери 1704 бала кызылчага чалдыкканы аныкталган. Басымдуу бөлүгү Бишкек, Ош аймактарында. 

Медиктер оорунун алдын алуу үчүн сөзсүз түрдө балдарды эмдөөдөн өткөрүү керектигин эскертти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button