Спорт
Кыргызстандык жөө күлүктөр Венгрияда өтө турган чемпионатка катышат

Кыргызстандык спортчулар Венгрияда өтө турган жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, турнир 19-27-августта Будапештте өтөт.
Кыргызстандын курамасында жөө күлүктөр Тимур Исаков менен Гүлшанай Сатарова жарышка чыгат.
Спортчулар машыктыруучу Андрей Полубабкиндин жетекчилиги астында чыгышат.



