Коом
Жогорку Кеңеш шашылыш түрдө 130 компьютер сатып алууга конкурс жарыялады

Буга 7,8 млн. сом сунушталган, ар бири 60 миңден бааланууда. Конкурс шашылыш өткөрүлүп жатат, катышууну каалагандар үч жумушчу күндө (22-августка чейин) табыштама берүүгө үлгүрүшү керек.
Мында мамлекеттик сатып алуулардын «квалификациялык талаптар менен котировкаларды сурап алуу» ыкмасы колдонулуда. Электрондук каталог аркылуу эң аз баа көрсөткөн тарап жеңүүчү болот.



