Коом

УКМК: Бишкекте синтетикалык баңги заты менен алектенген милиция кызматкерлеринин тобу кармалды — ВИДЕО

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Укук коргоо органдарындагы коррупцияны аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн айрым бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан жеке керектөө үчүн синтетикалык дарыларды сатып алуу, адамдардан акча каражаттарын системалуу түрдө талап кылуу фактылары боюнча маалыматтар алынган.

Тиешелүү текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө алынган маалыматтар тастыкталып, бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү (Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү), 343-беренесинин 2-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) жана 262-беренесинин 1-бөлүгү (Кылмыш чөйрөсүн түзүү) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында зарыл болгон тергөө амалдары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Тергөө иштеринде, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин системасында ошондой эле анын структуралык жана аймактык бөлүмдөрү, туруктуу кызматкерлер тобу, оперативдүү мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, адамдарды кармоонун кийинки этаптары менен, «кыстармалар» деп аталган Telegram жана WhatsApp мессенджерлери аркылуу жеке колдонуу үчүн синтетикалык баңгизаттарды сатып адамдарды аныкташкан.

 Ошол эле маалда кылмышка тиешеси бар адамдарды уюлдук телефондоруна болжолдуу кармоо процесси тартылып алынып, жана видеоматериалдар кылмыш жоопкерчилигине тартып, тергөө камак жайга камайбыз деп коркутуу менен кармалгандардан акча талап кылуу үчүн колдонулган, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз борборунан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button