Спорт
Калмира Билимбек кызы Дүйнө чемпионатында (U20) коло медаль утту

Амман шаарындагы (Иордания) мелдеште кыргызстандык балбан кыз 59 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча күч сынашты. Ал өзбекстандык, казакстандык, япониялык балбандарды ири эсеп менен утту.
Ал эми нейтралдуу желек менен чыккан Алеса Гетмановага жеңилип калган. Бул атаандашы финалга чыккандыктан Калмира коло байге үчүн күрөшүүгө жолдомо алган. Мында түркиялык кыз менен кармашып жеңишке жетти.




