Коом
Эми «Ош» базарындагы көчөлөрдөн жайбаракат өтө аласыз. Ош, Жалал-Абадга каттаган таксилер автобекеттен гана жүргүнчү сала алат

ЖКККББ мындай чечим базардын айланасындагы тыгынды азайтуу жана таксисттерге көзөмөлдүү күчөтүү үчүн кабыл алынганын билдирди. Суткасына эки жолу каттамга чыгып, чарчаганына же унаанын техникалык абалына карабай айдап кырсыкка кабылган учурлар кездешери айтылды.
Ал эми автобекетте региондорго каттаган таксилер кезек-кезеги менен каттамга чыгарылып, баары атайын журналга катталып, унааларга техникалык кароо жүргүзүлүп турат.



