Коом
Музейге барсаңыз көргөзмөгө кире кетиңиз

Мамлекеттик тарых музейинде “Курск салгылашуусу — 1943-жылдагы кандуу жай” аттуу сүрөт көргөзмө ачылды.
Коноктор үчүн 25 стенд коюлган. Анда негизги окуялар жана салгылашуудагы каармандар жөнүндө маалыматтар камтылган.
Салгылашууга катышкан кыргызстандык жоокерлерге арналган өзүнчө стенддер да бар.
Окуянын 80 жылдыгына карата уюштурулган көргөзмө 28-августка чейин иштейт.
Иш-чара Мамлекеттик тарых музейи менен Россиянын “Гармония” маданий борбору тарабынан уюштурулду.
Кирүү акысыз.



