Коом

Орозайым Нарматова ИИМдин тергөө кызматына жеткирилди

Укук коргоо органдары тарабынан интернет тармагында укукка каршы аракеттерди аныктоо, эскертүү жана бөгөт коюу  боюнча мониторинг жүргүзүүнүн жана талдоонун натыйжасында Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга, өлкөнүн калкынын кеңири катмарынын арасында терс эмоцияларды жаратууга, жарандарды мыйзамсыз жана зомбулук көрсөткөн аракеттерге чакырууга багытталган фактылар аныкталган. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми О.Нарматованын билдирүүлөрү өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга үгүттөгөн чакырыктар, эмгек мигранттарынын, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандардын дагы арасында нааразылыктарды  козгогон белгилер бар болгон.    Топтолгон материалдар КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгүндө (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилеринин негизинде катталып,   сотко чейинки өндүрүш башталды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын тапшырмасы менен   2021-жылдын 10-сентябрында О.Нарматова Ош шаарынын аэропортунда кармалган.  Учурда ал  ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button