Коом

Сокулуктагы саунадан сексуалдык кызмат көрсөткөн 7 кыз аныкталды — ФОТО

Сокулук районунун аймагындагы сауналарды текшерүү улантылууда. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

24-августта Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан сексуалдык кызмат көрсөтүү менен алектенген жарандарды аныктоо максатында Сокулук районунун аймагындагы сауналар текшерүүгө алынды.

Иш-чара учурунда Сокулук айылындагы сауналардын биринен сексуалдык кызмат көрсөткөн 7 жаран аныкталып, Тергөө кызматына жеткизилген. Аталган факты Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Учурда сауна ээсинин жана сексуалдык кызмат көрсөтүүнү уюштургандардын жоопкерчилиги каралууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button