Коом
Евгений Пригожиндин өлүмү тастыкталды

РФтин тергөө комитети генетикалык-молекулярдык экспертизанын жыйынтыгы Твер облусунда учак кырсыгынан курман болгон 10 адамдын баарынын өздүгүн тастыктаганын билдирди. Алар буга чейин берилген тизме менен дал келди.
Шаршемби күнү кечинде Embraer Legacy учагы Твер облусунда кырсыктап, экипаждын мүчөсү менен жети жүргүнчү каза болгон. Росавиация жарыялаган тизмеге ылайык, бортто ЧВК «Вагнердин» негиздөөчүсү Евгений Пригожин да болгон.



