УКМК: Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айыл аймагынын мурдагы башчысынын мыйзамсыз байыган байлыгы аныкталды- ВИДЕО

КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелериндеги коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айыл аймагынын мурдагы башчысы Ш.Н.Ш. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси жана 222-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Акыркысы Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын аркалап турганда, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайда алуу максатында, кызматтын кызыкчылыгына каршы, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болуу, кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарын лоббирлөө, башка компаниялардын өкүлдөрүнө кысым көрсөтүү жана коркутуу жолу менен мамлекеттик сатып алууларга катышып, аффилирленген компанияларга жеңиштерди ыйгарган.
Муну менен бирге, Ш.Н.Ш. кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) максатында, айыл өкмөтүн башкарып турганда, башка фигуранттарга каттоо менен, бир катар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз алган. Алар, жер тилкелер — 20, автоунаалар — 29, жеке үйлөр — 6, батирлер — 31, өндүрүштүк цехтер — 5, бетон заводу — 1, соода борбору — 1, спорт комплекси — 1, кум жана шагыл композициялары чыгаруучу карьер — 1, техникалык тейлөө станциялары — 1, унаа токтотуучу жайлар — 3, сарайлар — 3, ресторандар — 6. Ошону менен бирге белгилей кетүүчү нерсе, аталган мүлктүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан.
2023-жылдын 25-августунда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан Ш.Н.Ш. КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда Ш.Н.Ш.га жана коррупцияга тиешеси бар адамдар тарабынан жасалган башка мыйзамсыз фактыларды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда, — деп айтылат УКМКнын басма сөз борборунан.






