Коом

УКМК: Баткен районунда энергетика тармагындагылар жылына 10 млн сом каражатты жашырып келгени аныкталды

КР УКМК тарабынан коррупцияга каршы иш-чаралардын жүрүшүндө, Баткен районунун электр тармактар ишканасынын электр энергиясын керектөөгө жана төлөмдөрдү эсептөөгө байланыштуу каржылык алдамчылык фактылары аныкталды.

Такталгандай, Баткен облусунда электр энергиясын керектөө үчүн узак убакыт бери төлөмсүз, бир катар коммерциялык жана коммерциялык эмес абоненттер бар экенидиг аныкталды. Алардын айрымдары Баткен Райондук электр тармактарынын кызматкерлеринин патронажынан пайдаланып, акча төлөөдөн бошотулуп, жарыкты өчүрүүдөн качышкан. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, акыркы бир нече жылда жылына 10 миллион сомго чейин карыздар түзүлүп келген.

Карыздарды жабуу максатында Баткен Райондук электр тармактарынын кызматкерлери, Баткен шаарынын жана Баткен районунун билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен келишим түзүшкөн, ошондой эле электр энергиясын формалдуу түрдө кошумча керектөө үчүн башка мамлекеттик органдардан мыйзамсыз төлөм алынган.

Натыйжада бул мамлекеттик мекемелер мыйзамсыз чегерүүлөрдү мамлекеттик бюджеттен накталай төлөшкөн.

Учурда бул иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз борборунан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button