УКМК Ош облусундагы медициналык борборлорунун жер тилкелерин мыйзамсыз алган фактыларын аныктады

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн алкагында Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан «Касиет» жана «Авангард» медициналык борборлорунун жер тилкелерин мыйзамсыз алып коюу фактылары аныкталган.


Тактап айтканда, Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн жер тилкелерин мамлекеттик менчиктен чыгарууда коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Айыпталуучулардын бири Г.А.Н. аттуу жарандын жана ага тиешеси бар адамдардын мүлкүн текшерүүнүн натыйжасында, 2005-2007-жылдар аралыгында жер тилкелери соттун мыйзамсыз чечимдеринин жана жасалма документтердин негизинде муниципалдык менчиктен алынган жогоруда аталган медициналык мекемелер аныкталган.


Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын «Касиет» медициналык борбору Ош шаардык мэриясынын балансына өткөрүлгөн. Ошондой эле, «Авангард» медициналык борбору Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын балансына кайтарылган.

КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды аныктоо жана мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча ишин улантууда.



