Коом
Эмил Жамгырчиев: «Башка мындай иш түшсө карайлап калат экенсиң”
Жогорку Кеңештин 2-кабатынан секирип качкан депутат Эмил Жамгырчиев кайтып келди .
Эмил Жамгырчиев тармактык комитеттин жыйынына келип, кесиптештеринен аны сындабай турууну суранды. Ал ким күнөөлүү экенин сот гана чечерин айтты.
“Сот учурунда менин да маалыматтарым болот, баарын угуп, өкүм чыккандан кийин сын-пикир айтсак. Ата-энем, үй-бүлөм бар, аларды, өзүмдү да ыңгайсыз абалга коюп атабыз. Башка ушундай иш түшүп калса карайлап калат экенсиң”, — деди Жамгырчиев.
Комитет төрагасы Сүйүн Абдылдаев анын иши парламентте каралып жатканда келип өз чындыгын айтса болмоктугун эскертти.



