Коом
Ошто бычакталган кош бойлуу аял окуянын чоо-жайын айтты

Ошто буга чейин кош бойлуу келин бычакталып, төрөтканага түшкөн. Ош облустук төрөткананын жетекчиси курсактагы 5 айлык баланы сактап калууга мүмкүн болбогонун билдирген.
«Азаттык» билдиргендей, келиндин 6 баласы бар, жетинчи баласын күтүп жаткан. «Кечки намаз окуп жаттым эле. Баламдын бакырган үнүн уктум. «Ата, тийбеңиз» деп кыйкырып жатыптыр. Сыртка чыксам, балама бычак такап туруптур. Барып ортого түштүм. Уулум чыгып кетти. Мага асыла баштады. Бычак келе жатканын да билген жокмун. Нес болуп калдым. «Эжем менен уруштуң» деп бычак сайып жатты. Ичимдеги баламды эле ойлодум»,- деди келин.



