ВИДЕО: Ысык-Көлдүк милиционерлер саякатчыга жоголгон велосипедин таап, кайтарып беришти

27-август күнү Ак-Суу РИИБдин милициянын аймактык ыйгарым өкүлү, милициянын лейтенанты К.Кеңешевге жана Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлерине 27 жаштагы Германиянын жараны Йонас Унглерт кайрылган.
Саякатчы милиция кызматкерлерине велосипед менен өзүнүн мамлекетинен бери саякат жасап жатканын жана бул убакыттын ичинде бир нече өлкөдө болгонун түшүндүргөн. Ошол күнү, Каркыра жайлоосунда чатыр тигип түнөп, велосипедин болсо суунун жээгинде койгондугун, ал эми эртең менен ойгонсо, волесипед жоголголуп кеткенин байкаганын айтып берген.
Милиция кызматкерлери издөө иштерин кечиктирбестен жүргүзүп, көп узабай жоголгон буюмду, саякатчы түнөгөн жерден бир нече чакырым алыстыктан табууга үлгүрүштү. Көрсө, велосипедке кызыккан жергиликтүү жаш балдар минип тебишип, чоң каналдын жанына таштап кетишкен экен.
Ыкчам издөө иштери үчүн милиционерлерге ыраазычылык билдирип, саякатчы жолун улантты, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматынан.



