УКМКнын Чоң-Алай районундагы бөлүмүнө жаңы имарат курулду — ФОТО

2-сентябрда, КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын Чоң-Алай райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын пайдаланууга тапшырды. Ачылуу аземге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын өздүк курамы жана УКМК ардагерлери катышты.
Камыбек Ташиев өздүк курамга куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып, өлкөнүн бардык аймактарында УКМКнын имараттарын жаңылоо иши кызуу жүрүп жатканын, Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарында атайын кызматтын бардык имараттары толугу менен жаңыланып бүткөнүн билдирди. Жакынкы арада Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Чүй облустарындагы курулуш иштери да аягына чыгаарын белгиледи.


Бул жумуштардын баары өлкө президенти Садыр Жапаров тарабынан коюлган тапшырмаларды ишке ашыруунун алкагында жүрүп жатканын эскертти. Шарттарды жакшыртуу менен бирге УКМК кызматкерлерине коюлган милдеттерди так аткаруу зарылдыгын Камчыбек Ташиев баса белгиледи.


УКМКнын Чоң-Алай райондук бөлүмү буга чейин Советтер Союзу учурунда курулган эскилиги жеткен имаратта иштеп келген. Жаңы имаратта заманбап шарттар толугу менен камсыздалган.


Имаратты курууда мамлекеттик бюджеттен каржы коротулган эмес, — деп айтылат билдирүүдө.




