«Дыйкан» базарында жаңы жылга чейин күн сайын айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкек шаарындагы оңдолуп, түздөлүүдөн кийин ишке кирген “Дыйкан базарында” жаңы жылга чейин күн сайын айыл чарба азыктары жана жер- жемиштер арзан баада сатылып, атайын жарманке өтөт. Бул тууралуу аталган базардын администрациясы билдирди.
“Дыйкан базарында” айыл чарба жана жер жемиш, азык-түлүк, сүт, эт азыктарын дүңүнөн жана чекене баада сатып алса болот.
Эскерте кетсек, бул базар оңдоо-түздөө иштеринен кийин соодагер, сатып алуучу кардарлар үчүн баардык жакшы шарттар түзүлгөн. “Азыркы тапта базарда соода иштерин жасайм деген соодагерлерге бекер орундуктар берилүүдө. Орундар чектелүү, шашылыңыздар!” деп айтылат маалыматта.
Дареги: Бишкек шаары, Фучик-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде, Товарная №1 көчөсүндө жайгашкан. Сурап билүү телефондору: 0700558593, 0555956338.






