Дүйнө
Рэпер Тимати Юнусовду Украинанын Коопсуздук кызмат тармагы издөөгө салды

Тимати деген ат менен белгилүү орусиялык рэпер Тимур Юнусов Украинанын Коопсуздук кызматы (СБУ) тарабынан издөөгө салыган. Бул тууралуу 8-сентябрда Украина бийликтеринин расмий сайтына жарыяланган.
Июнь айында Украинанын Коопсуздук кызматы музыкантты өлкөгө кирүү тартибин бузгандыгы үчүн сыртынан айыптаган. Ал Украинанын көз карандысыздыгына жана аймактык бүтүндүгүнө кол салган деп айыпталууда.
Белгиленгендей, Тимати буга чейин украиналык экстремисттик «Миротворец» сайтынын маалымат базасына да кирген.


