Коом

Кыргызстанда канча уюшкан кылмыштуу топтор бар?

Мына ушундай суроону Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында депутат Алишер Эрбаев ИИМдин министринин орун басары Эркебек Аширходжаевге берди.

«Сот тарабынан аныкталган кылмыштуу топтор жок», — деди орун басар.

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков: «Бир убактарда милиция УКТ боюна иштерди сотко жөнөтүшкөн. Бирок соттор реакция кылбай, УКТ мүчөлөрүн учетко алышпаган. Анын айынан канча киши өлтүрүү, карактоо болду. Азыр «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизүүгө убакыт келип жетти. Бул ишти аягына чыгарып, мыйзамды кабыл алуу керек», — деди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button