Коом
БШК: Лира Акунова менен Гүлназ Халилованын шайлоого катышуусу жокко чыгарылды

КР Борбордук шайлоо комиссиясы №22 жана №24 шайлоо округдарынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлер Лира Акунова жана Гүлназ Халилованын каттоосун жокко чыгарганын билдирди.
Маалымат боюнча, Акунова шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын 26-ноябрда, ал эми Халилова 27-ноябрда жазган.
Эске сала кетсек, буга чейин БШК экөөнү тең кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Милиция Халилованын үгүтчүлөрүн добуш сатып алууга шектеп кармаганын, Акунованын кызы жана жээни дагы ушундай эле ишке байланыштуу издөөгө алынганын маалымдаган.



