Коом
Бишкектин мончолорунда эмне жагылып жатканы текшерилүүдө

Муниципалдык инспекторлор сезон баштаганына байланыштуу калаанын 27 мончосун текшерип чыкты. Жыйынтык кубандырарлык. Алардын баары газга өтүп, эч кимисинде тыюу салынган заттар жагылган эмес.
Инспекция зыяндуу заттарды өрттөгөн мончо ээлерине 7500 сомдон 23 000 сомго чейин айып салынарын эскертти.



