Биле жүрүңүз! Жигиттерге жарашпаган сапаттар

Ичи тар болбойт. Айрымдардын ичине бир тоголок таруу айланбайт. Чыныгы жигиттин ичи кең, ат айланып баткыдай айкөл болуш керек. Дили ак эркектин иши оңолот.
Бок жүрөк болбойт. Эр жигит бок жүрөк эмес, таш жүрөк болот. Ала көөдөк эмес, эр көкүрөк зирек болгону жакшы. Жоо чабышта артында калдайып улуу күч турганда артка чегинбейт.
Эки сүйлөбөйт, өтүрүк айтпайт. Чыныгы жигит сөздү пир тутат. Оозу бош эмес, бек болуп, ачууланса да анысын билгизбейт.
Башканын байлыгына сугун артпайт. Тирүүлүктүн азгырыгына алданбайт. Жоого колтук ачып, элин сатып кетпейт.
Камкор келет. Эр жигит өлүп баратып да тирүүлөрдүн камын ойлойт. Опузалыгын душманга гана көргөзөт. Жигитчилик кебелбес аскар тоо, бөксөрбөс көл болуш керек.
Намыстан тайбайт. Жигит намыс, эрдик жана асыл сапаттан тайганда башынан ак калпагы, колунан кылычы түшүп, астынан аты качат. Жигиттер беттегенден качпай, жериңерди ыйык туткула!



