Коом

«Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбооруна 6,8 млрд сом бөлүндү

«Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбооруна 6,8 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылга «Агроөнөр жай комплексин насыялоо» долбоорун ишке ашырууга 3 млрд сом каралып, жылдын биринчи кварталында толугу менен каржыланды.

Буга кошумча 3,8 млрд сом каралып, үстүбүздөгү жылдын май айында толук каржыланган.

Жалпысынан 2023-жылдын 31-августуна карата 6,8 млрд сом каржыланды. Алар:

— «РСК Банк» ААКга 2,3 млрд сом;

— «Айыл Банк» ААК 4,5 млрд сом.

«2023-жылдын 31-августуна карата жалпы суммасы 3 543,4 млн сомду түзгөн 3273 жеңилдетилген кредиттер берилген», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button