Кыргызстанда бир жумада 22 миңден ашуун жол эрежесин бузуу аныкталды
Кыргызстандын аймагында 21-августтан 27-августка чейин 22 миң 280 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
— тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 254;
— мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 250;
— авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 54;
— жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 1 215;
— транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 миң 87;
— авто ээнбаштык — 5;
— белгиленген ылдамдыктан ашуу — 5 миң 20;
— жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 5;
— башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 миң 390;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 370 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББгы айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.



