Коом

ИИМ эскертет: Москвага жумушка барган мигранттар милдеттүү түрдө «Амина» атайын мобилдик тиркемесин орнотушу керек

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Урматтуу жарандар, Москвага жумуш иштөө максатында келген чет элдик жарандар милдеттүү түрдө «Амина» атайын мобилдик тиркемесин орнотушу керек.

Тактап айтканда, 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып Москва жана Москва облусунда чет өлкөлүк жарандардын жүргөн жерин каттоонун эксперименталдык тартиби киргизилет. Бул долбоор федералдык мыйзамдардын алкагында ишке ашырылып, миграциялык каттоонун учурдагы тартибин алмаштырууга багытталган.

Аталган тартипке ылайык, Москва шаарына жана Москва облусуна эмгек ишмердиги үчүн келген Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан республикаларынын жарандары милдеттүү түрдө атайын “Амина” мобилдик тиркемесин орнотушу керек.

“Амина” тиркемесинин негизги мүмкүнчүлүктөрү:

-Көп функционалдуу миграциялык борбор дареги боюнча каттоого туруу;

-Жашаган жери тууралуу жана анын өзгөрүшү боюнча ички иштер органдарын алыстан кабардар кылуу;

-Геолокация маалыматтарын автоматтык түрдө Россиянын ИИМине жөнөтүү;

-Үч иш күндөн ашык убакытка геолокациянын берилиши токтосо, жаранга дарегин ырастоо же өзгөрүүсү жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт.

Тиркемени орнотуу жана активдештирүү чет өлкөлүк жарандардын өз алдынча жүргүзүлөт, Көп функционалдуу миграциялык борборуна же ИИМдин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылуунун зарылдыгы жок. Авторизация үчүн чет өлкөлүк жарандын жарактуу картасы колдонулат, ал жоголгон учурда паспорттук маалымат аркылуу кирүүгө болот.

Буга байланыштуу Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен байланышкан кесепеттерди болтурбоо үчүн Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги өз жарандарына Москвада жана ушул эле аталган облуста чет өлкөлүк жарандарды каттоонун жаңы эрежелери менен алдын ала таанышууну кабарлайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button