Коом
Таласка 64 видео көзөмөл камералары орнотулду

Баасы 5 млн сом болгонун облустук милициядан кабарлашты.
Камералардын ону адамды жүзүнөн тааныса, бешөө унаалардын номерин аныктай алат.
Видеокөзөмөл Талас ОИИБдин санарип көзөмөл борборуна, Талас ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, Талас шаарынын мэриясына онлайн форматта туташтырылган. Жакынкы убакта “Коопсуз өлкө” борборуна кошулат.



