Нарында апа 8 жылдан бери дайынсыз эки уулун издейт

Нарындан 2 уулу дайынсыз болуп жатканын билдирип, тынчсызданган эне кайрылды. Алардын бирөөсү 8 жыл мурда Бишкекке кетсе, экинчиси 6 жыл мурун бир тууганын издеп кетип, ошондон бери дайынсыз, — деп жазды аталган “Сереп Медиа” маалымат агенттиги.
Тыналиев Урмат 1985-жылы 5-ноябрда туулган. 2015-жылы октябрда Нарындан Бишкекке иштейм деп кеткен бойдон дайынсыз. Агасы Тыналиев Улан 1983-жылы 5-сентябрда туулган. Улан иниси Урматты издеп, 2017-жылдын май айында кеткен бойдон дайынсыз.
Нарын ОИИБден 2019-жылы 1965-жылы туулган жаран кайрылып, 1983-жылы туулган уулу 2017-жылдан бери дайынсыз болуп жатканын айтып арыз менен кайрылганын тастыкташты.
«2017-жылдын май айында уулу Бишкек шаарына кетип ошол бойдон байланышы үзүлүп, 2018-жылдары уюлдук телефон аркылуу байланышып жүрүшүп эле, ошондон бери байланыш үзүлгөндүгү боюнча кайрылган. Ошол эле күнү Нарын ШИИБге каттоого алынган, издөө иши ачылган. Учурда идөө иштери уланууда»,- дешти



