Коом

БШК Атазовду депутаттык мандаттан ажыратты

Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 7-май күнү кабыл алды. Шайлообек Атазовду мандатынан ажыратуу чечимин БШКнын бардык мүчөсү бир добуштан колдогон.

30-апрелде Жогорку Сот Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандат маселесине байланыштуу буга чейинки эки инстанциянын токтомун жокко чыгаруу боюнча арызын карап, чечим кабыл алган. Тагыраагы сот мандатынан ажыраткан чечимди күчүндө калтырган болчу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button