КоомОкуялар

Жаңы-Жердеги мушташта бир адам каза болуп, бирөө реанимацияга түштү

Окуя Жаңы-Жер айылында болгон. Милициянын маалыматы боюнча, адегенде айылдык жаштар ортосунда жаңжал чыккан. Буга “муундар арасында улууларды сыйлоо” талаш-тартышы себеп болгон. Кийин ызы-чууга алардын ата-энелери аралашкан. Чыр күчөп отуруп мушташка, курал колдонууга жеткен.  

Каза болгон адам 69 жашта болгон. Ал эми реанимацияга түшкөн киши 36 жашта.  

Милиция жаңжалдашкан эки тарап тең бир улуттагылар экенин белгиледи. Учурда иш ИИМдин көзөмөлүндө, тергөө жүрүүдө.

@user2

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button