Спорт

Жоламан Шаршенбеков экинчи ирет дүйнө чемпиону болду

Шаршенбеков финалда япониялык спортчу Кеничиро Фумитаны 11:6  эсеби менен утту.   

Муну менен Жоламан кийинки жылы Парижде өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо алды.  

Чемпионатка Шаршенбеков 60 кг. чейинки салмак ченинде катышты. 1/16 финалда боливиялык балбанды 10:2 эсебинде, 1/8 финалда грузиялык атлетти 9:0 менен, 1/4 финалда өзбекстандык спортчуну 10:0 эсебинде артта калтырды. Жарым финалда ирандык балбанды утуп, алтынга күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.  

Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбеков 2022-жылы Белград шаарында өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынган. 

2023-жылкы дүйнө чемпионаты ушул тапта дагы Белград шаарында өтүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button