Коом
Билим берүү министрлиги Ошто 2 окуучу мектепке кабыл алынбай, “кара тизмеге” кирген деген маалымат боюнча билдирүү таратты
“Кыргызстандын билим берүү тармагында “кара тизме” деген түшүнүк жок. Ар бир бала билим алууга укуктуу. Билим берүү министрлиги Оштогу эки окуучунун билим алуусу боюнча ата-энеси менен сүйлөшүү жүргүзүп, алардын тандоо чечимин күтүп жатат”, — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, өткөн аптада Ош шаарында 1-класстын окуучуларын “мал” деп тилдеген мугалимдин кайрадан мектепке ишке алынышы тууралуу маалымат тараган. Балдарын башка мектепке которууга аргасыз болгон ата-эне ал жактан да документтерин алып кетүүгө мажбур болуп, Оштогу бардык мектептер аларды “кара тизмеге” киргизгенин билдирген.



