Коом

Бишкекте 34 жаштагы аялды чогуу жашаган эркек катуу сабап, колуна үтүк басып күйгүзүп, андан соң зордуктаган

Окуя 14-сентябрда болгон. Акыйкатчы бул кылмышка шектүү 38 жаштагы Э. У. аттуу кишини жазалоого чакырды. 

“Аял ич кийимчен, жылаңайлак араң качып чыгып, күзөтчү отурган жерге жашынып  калган. Кошуналары ага жардам берип, анан милицияга кайрылган. “Зордуктоо” беренеси менен иш козголуп, чогуу жашаган эркек 2 айга тергөө абагына киргизилген. Бирок жактоочусуы макул болбой Бишкек шаардык сотуна даттанган, иш бүгүн каралат”, — деп билдирди Акыйкатчы институту. 

Жабырлануучу ал бошонуп чыкса, кайра күн көргөзбөйт деп чочулоодо. 

“Мурда бирөөгө арыздансам кызымды тартып алып, такыр көрсөтпөй коём деп коркуткан. Жада калса укук коргоо органдарына да акча берип жазадан кутулуп кетчүдөй сезилчү”, — деп айткан аял.  

Адвокаттын айтымында, аял шектүүнүн таасирдүү адамдар менен байланышы болгондуктан корккон. Зөөкүр American school англис тили мектебинин директору экени белгиленди. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button