Коом
Күн ачык болот. 3-декабрга карата аба ырайы

3-декабрь, шейшембиде республика боюнча күн ачык болот. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болушу күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Талас облустарында +1…+6 градус, Ош, Жалал-Абад аймактарында +4…+9, Баткен өрөөнүндө +3…+8, Ысык-Көлдө 0…+5 градус болот. Ал эми сууктун күчү Нарын жергесинде көбүрөөк сезилип, термометр 0…-5 градусту көрсөтмөкчү.
Борбор калаада абанын температурасы +3…+5, Ош шаарында +5…+7 градус болот дешти.



