Коом

Нарындын бажы кызматкерлери үйлүү болушту

Президенттин Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасыСамат Исабеков бүгүн аларга батирлердин ачкычын тапшырды.  

4 кабаттан турган 32 батирлүү үйдүн курулушу 2021-жылдын аягында башталган. Курулушка жалпысынан 97,3 млн сом сарпталды.  

Эргешов акыркы жылдары Бажы кызматы жыйымдарды эселеген көп өлчөмдө топтоп жатканын, мындан ары да бюджетти толтурууну күчөтө берүүсүн айтты.  

Ал «Торугарт» өткөрүү пунктунун 7 сааттык иштөө режими 12 саатка, кийинчерээк 24 саатка жетерин, мындан сырткары «Торугарт 2» пунктун ишке киргизүү аракеттери жүрүп жатканын белгиледи.  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button