Коом
Бишкекте муниципалдык ECO TAXI иштей баштады

Биринчи этап менен 10 электромобиль каттамга чыкты. Алар эл көп жүргөн маалда (07:00-10:00 жана 7:00-20:00) өзүнчө бөлүнгөн сары тилке менен жүрөт.
Такси Киев-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен баштап 12-кичи районго чейин барат. Жол кире 50 сом.
ECO TAXI диспетчердик кызматынын номери: +996 (706) 22 22 76 (WhatsApp, Telegram). Жакында ар биринин геолокациясын htps://etaxi.kg/ сайтынан көрүп-билүүгө болот.



