Коом
Индиялык ишкерлер Кара-Суунун Төлөйкөн айылына боор жана бөйрөктү алмаштыруу борборун ачары күтүлүүдө

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү муну ири инвестиция деп атады.
Эдил Байсалов баштаган бийлик өкүлдөрү Индиядан келген “Меданта” клиникасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда клиника ачуу жолдору талкууланган.
“Бул борбор боор жана бөйрөк ооруларын алдын алууга, трансплантациялоого сапаттуу медициналык кызматты жеткиликтүү баада көрсөтүүгө адистешет. Ошондой эле чет өлкөлөрдөн келген бейтаптарды кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”, — деп жазды облустук администрация.



