Коом
Камчы Көлбаевди кармоо учурунда 2 адам каза болгону айтылып жатат

Камчы Көлбаевди кармоо учурунда 2 адам каза болгонун «Спутник» жазды. Алар күч түзүмдөрүнүн кызматкерлериби же кылмыш тобунан экени айтыла элек.
Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдалган. Аны кайсы иш боюнча кармоо жүрүп жатканы азырынча белгисиз. Ошондой эле Ибраимов менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде атышуунун үндөрү угулганын жазышты. Ал жерге саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушевдин барганы айтылып жаткан.



