Коом

Сасык тумоо күчөдү: Тобокелдик тобундагы жарандарды эмдөө уланууда

Сезондук сасык тумоонун алдын алуу максатында Кыргызстанда «Гриппол+» вакцинасынын 63 миң 734 дозасы сатып алынган.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, учурда өлкөнүн бардык аймактарында эмдөө уланууда.

«Биринчи кезекте тобокелдик тобуна кирген жарандар: өнөкөт оорулары бар адамдар, 65 жаштан жогорку жарандар, кош бойлуу аялдар, көп ооруган балдар жана медицина кызматкерлери эмделүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Аталган категориядагы жарандар үй-бүлөлүк медицина борборлорунда акысыз эмдөөдөн өтө алышат.

Мындан тышкары, каалоочулар 12 жеке медициналык уюмда акы төлөп эмделе алышат. Алардын катарында «Кроха», «Малыш», «ЦАДМИР», «Поликлиника-312», «Интермедикал», «Комфорт Медик», «Эдельвейс», «Клиника 21», «Авиценна», «Чипенко», «Мама Доктор» жана «Аллерго Эксперт» бар.

Жеке клиникаларда вакцинанын бир дозасы 450 сомдон 1 100 сомго чейин турат.

Тектеш кабарлар

Back to top button