Коом

Бишкекте дыйкандардын азык-түлүк жарманкеси өтөт

20-22-октябрь күндөрү Бишкек шаарындагы эски аянтта «АгроТехЭкспо — 2023» көргөзмөсүнүн алкагында «ОрганикЭкспо — 2023» жана «Алтын күз» айыл чарба жарманкелери өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады. Билдирмеге ылайык, быйыл мындай иш-чара 10-ирет өтөт.

Көргөзмөнүн алкагында эң көп түшүм алган дыйкандар, асыл тукум мал баккан фермерлер арасында конкурстар да болот. Анын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылат.

Жарманкеге айыл чарбасына керектелүүчү бардык товарлар коюлат: үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүк дарылары, айыл чарба техникалары жана башкалар. Ага келгендер айыл чарба техникаларын лизингге алса болот. Бул үчүн маалымат-кеңеш берүү үчүн банк кызматкерлери да иш-чарага катышат.

«Алтын күз» айыл чарба жарманкесине дыйкандар өздөрү өстүргөн мөмө-жемиш, жашылчаларын алып чыгышса, ишкерлер өздөрү өндүргөн азык-түлүктөрүн сатыкка коёт. Министрлик жарманкеде товарлардын баасы арзаныраак болорун белгиледи.

«ОрганикЭкспо – 2023″ жарманкесинде айыл чарбасына тиешелүү суроо-жооптор болот. Ага келген дыйкандар суроолоруна жооп ала алышат», — деп айтылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, көргөзмөгө үч күн ичинде 15 миңдей ишкер, фермер, дыйкандардын катышуусу күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button