Коом

2024-жылга жол тармагына 4,45 млрд сом каралган

2024-жылга жол тармагына бюджеттен 4 450,9 млн сом каралган.Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча КР Финансы министрлиги тарабынан 4 073,7 млн сом же 100% каржыланды, анын ичинен:

—   1 870,4 млн.сом —        автомобиль жолдорун тейлөөгө жана оңдоого (автомобиль жолдорун кышкы жана жайкы тейлөө, жол белгилерин жана светофорлорду орнотуу, учурдагы оңдоо ж. б.), анын ичинде битум сатып алууга; 

—  346,9 млн сом – кредитордук карызды жабууга

—  1 241,7 млн сом – техника сатып алууга;

—  614,7 млн сом – административдик чыгашалар.

“Кыргызавтожол” МИ тарабынан 2022-жылы 32 даана жол-курулуш техникасын сатып алууга 2 353 100 АКШ долларына келишим түзүлгөн. Ошондой эле 2023-жылы 20 660 489 АКШ долларына 247 даанадан турган жол-курулуш техникаларын жана 6 699 083 долларга 18 даана асфальтбетон заводун, таш талкалоочу орнотмону жана бетон заводун сатып алууга келишимдер түзүлгөн. Анын 30 пайызы төлөнүп, калган каражаттар 3 жылдын ичинде квартал сайын төлөнүп турат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button