Окуялар
УКМК: Бишкекте курал жана ок-дарылар бекитилген жер табылды — ФОТО

Бишкек шаарынын аймагынан курал-жарак жана ок-дарылар катылган жер табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.
Маалыматка ылайык, жашырылган жерден 1 даана Ф-1 жарылуучу заты, “7,62 мм” калибрдеги ок-дарылар жана «ПМ» маркасындагы номерлери өчүрүлгөн тапанча табылып алынды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал жана ок-дарылар кылмыштуу элементтерге таандык болушу мүмкүн.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул бекитилген жерди уюштурган адамдарды, жана ошондой эле куралдар жана ок-дарылар коюлган башка жерлерди аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
Тергөө иштери жүрүп жатат.



