Коом

Чүйдө үйүн тонотуп, акчасын уурдаттым деген келиндин калпы чыкты

8-октябрда үйүнө ууру кирген Петровка айылынын тургуну милицияга кайрылган. Ал аялын бычак менен коркутуп, 215 миң сом менен “Samsung-A24” үлгүсүндөгү (баасы 16 миң сом) телефонду уурдап кеткен 2 белгисиз адамга карата чара көрүүнү өтүнгөн.  

Милиция иликтөөнүн жыйынтыгында эч кандай тоноо болбогонун, акчаны арыз ээсинин 24 жаштагы келинчеги алганын аныктаган. Ал эми телефон менен 127 миң сом катылган жеринен табылган. 

Келинге карата тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды, анын жыйынтыгында укуктук баа берилет.  

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button