Коом

Каракол шаарынын милициясы жүргүнчүлөр транспортунун айдоочулары менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө — ФОТО

Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча инспекторлор шаар аралык жүргүнчүлөрдү ташууларды жүргүзгөн айдоочулар курамы менен жолугушту. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Шаардык милициянын башчысынын орун басары Талант Жеңишбеков айдоочулар менен болгон маегинде, жол эрежелерин так сактоо зарылдыгын эскертип, мыйзамдарда каралган жоопкерчилик тууралуу маалыматтарды айтып берди. Балдардын катышуусу менен болгон жол кырсыктарына өзгөчө көңүл буруп, айдоочуларды жол жээгинде жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдордо жүргөн балдарга аяр мамиле жасоого чакырды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тейлеген аймактагы кырсыктардын статистикасын айдоочуларга кеӊири маалымдап беришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө транспорт ишканаларынын кызматкерлери мындай маектердин талашсыз маанилүүлүгүн белгилешти. Айдоочулар тарабынан көтөрүдгөн маселелер боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянуу менен тартип сакчылары толук жоопторду беришти. 

Маектешүүдөн кийин ишканалардын кызматкерлери шаардык милиция кызматкерлерине пайдалуу маалыматтар үчүн ыраазычылыктарын билдирип, мындан ары да өз ара аракеттешүүгө болгон үмүтүн билдиришти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button