Коом
Быйыл 6 айда Карылар үйүндөгү 19 ата-эне балдарынан алимент өндүрүп берүүнү өтүнүп кайрылды

Бул туурасында Сот депаратаментинин директорунун орун басары Кубат Черикчиев билдирди.
Бүгүн парламентте ата-энесин карабай койгон балдарды жазалоо мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү.
Ага ылайык, улгайган адамдар карылар үйүнө келгенде мекеменин директору дароо алимент өндүрүү үчүн сотко кайрылат. Айыптын суммасы 100 миң сомго чейин. Мындай балдар мамлекеттик жумушка да алынбайт.



