
«Кыргызстандын бензин менен дизелге болгон керектөөсүн толугу менен камсыздайбыз» деди Орусиянын президенти Владимир Путин расмий сапарында.
Анын айтымында Орусия былтыр 1,2 тонна күйүүчү май экспорттогон. “Быйыл да ошончо көлөмдө жөнөтүлөт. Өзгөчө белгилеп кетейин, мунай жеңилдетилген шарт менен бажы алымы жок экспорттолот. Бул Кыргызстандын экономикасына түз таасирин тийгизет”, — деди ал.



